[go: nahoru, domu]

Мазмунга өтүү

Америка-Мексика согушу

Википедия дан
The printable version is no longer supported and may have rendering errors. Please update your browser bookmarks and please use the default browser print function instead.
Мехико, 1851.

Америка-Мексика согушу - АКШнын Мексикага каршы согушу (1846-1848). 1835-ж. Мексиканын Техас штатында америкалык плантаторлор козголоң чыгарышып, 1836-ж. Техас Мексикага көз каранды эмес мамлекет деп жарыялашкан. 1845-ж. Техас АКШнын курамына кошулган. АКШ ал аймактын чегин андан ары кеңейтүү максатында 1846-ж. 13-майда Мексикага каршы согуш ачат. Согуштун башталышында америкалык аскерлер Нью-Мексиканы, Калифорнияны каратып алышкан. Ал эми Түндүк жана Борбордук Мексикада жергиликтүү эл катуу каршылык көрсөтүшүп, көп жоготууларга учураган. 1847-ж. Веракрус портуна америкалык десант түшүрүлүп, мамлекеттин борбору - Мехико шаарына чабуул башташкан жана ошол эле жылы шаарды басып алышкан. 1848-ж. февралда эки мамлекеттин ортосунда Гуадалупе-Идальго келишими түзүлгөн соң согуштук аракеттер токтотулуп, келишимдин шарты боюнча Мексика жарымынан көбүрөөк аймактарынан ажыраган (алар кийин Нью-Мексико, Аризон жана Калифорния штаттары деп аталып калган), ал эми АКШ Мексикага 15 млн доллар өлчөмүндө компенсация төлөгөн.

Колдонулган адабияттар