[go: nahoru, domu]

Мазмунга өтүү

Петергоф

Википедия дан
Петергоф.

Петергоф (1944–2009-жылдары Петродворец) – Россия Федерациясындагы шаар. Музей-корук. Санкт-Петербургдун Петродворец районунун аймагында, Финн булунундагы пристань. Калкы 60 миңден ашык (2010). Темир жол бекети (Жаңы Петергоф). Саат, металл фурнитура заводу, «Красные Зори» куш фабрикасы иштейт.

Петродворец саат заводу (1721-жылдан Петергар ташка кыр чыгаруу фабрикасы; 1930–54-жылдары Мамлекеттик биринчи так техникалык таш заводу) бар. Алгач 1705-жылдан эскерилет. Россия императорлорунун шаар четиндеги резиденциясы. Шаарда дүйнөлүк архитектура эстеликтери жана 18–19-кылымдарга таандык ак сарай-парк ансамбли, Чон ак сарай (18-кылым), Жогорку бак жана Төмөнкү парк (экөө тең 1714–25; 150дөн ашык фонтандан жана 4 фонтан каскаддарынан турат), Монплезир, Марли ак сарайлары, пейзаждык парк комплекстери (Англис, 1779-94; Александрия, 1826-29жылдары Александров, 1830-жылдар) сакталган. 1941–45-жылдары немец баскынчылары тарабынан катуу талкаланган. Учурда толугу менен (1945-жылкы долбоор боюнча) калыбына келтирилген. Илим шаары жана туристтик борбор. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]