[go: nahoru, domu]

Мазмунга өтүү

Тынч океан франкы

Википедия дан
КФП франкы  (кырг.)

CFP Franc  (аңгл.)
Franc CFP  (фр.)

1 000 тынч океан франкы
1 000 тынч океан франкы
Коддор жана белгилер
ISO 4217 коддору XPF (953)
Символдор ₣ • F. • f
Жүгүртүү чегарасы
Эмитент  Жаңы Каледония
 Уоллис жана Футуна
 Француз Полинезиясы
Туунду жана параллелдүү бирдиктер
Бөлчөктүү Сантим (1100)
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар
Монеталар 5, 10, 20, 50, 100, 200 франк
Банкноттор 500, 1 000, 5 000, 10 000 франк
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү
Эмиссиялык борбор Франциянын деңиздик аймактарынын эмиссиялык институту
www.ieom.fr
Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн
1 KGS = 1,761 XPF
1 USD = 112,9 XPF
1 EUR = 119,3 XPF
1 GBP = 165,1 XPF
1 JPY = 0,9369 XPF
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат.
КФП франкы Уикиказынада

Тынч океан франкы, КФП франкы (белгиси: XPF; коду: 953) — Франциянын деңиздик аймактарында жүгүртүүдөгү валюта.[1]. Бир тынч океан франкы 100 сантимден турат. Франциянын төмөнкү деңиздик аймактарында расмий валюта болуп саналат:

КФП франкы 1945-жылы декабрда, Африкада колдонулган КФА франкы менен биргеликте, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин француз франкынын наркынын алсыздыгынан улам түзүлгөн. Франция 1945-жылдын декабрында Бреттон Вудс келишимин ратификациялаганда, АКШ доллары менен туруктуу алмашуу курсун белгилөө үчүн француз франкы девальвацияланган. Француз колонияларында 1945-жылдын декабрындагы девальвациядан кийин экономикалык жактан жабыр тартпоо үчүн жаңы валюталар түзүлгөн.

Башка француз колониялык валюталары француз франкы менен туруктуу алмашуу курсу менен белгиленген. Бирок, КФП франкына АКШ доллары менен туруктуу алмашуу курсу коюлган, бул экинчи дүйнөлүк согуштун кийин Франциянын Тынч океанындагы аймактарынын экономикасында АКШ чоң ролду ээлегенине байланыштуу болгон. Бул абал 1949-жылдын сентябрь айында КФП франкына француз франкы менен туруктуу алмашуу курсу белгиленгенде аяктаган.

Валюта алгач Француз Полинезиясы, Жаңы Каледония жана Жаңы Гебрид аралдары үчүн үч башка формада чыгарылган. Уоллис жана Футуна аймагы Жаңы Каледония үчүн чыгарылган франкты колдонгон.

Банкноттор биринчи жолу 500, 1000 жана 5000 франк номиналдарында чыгарылган. 1969-жылы Жаңы Гебрид франкы КФП франкынан бөлүнүп, Вануату Республикасынын расмий валютасын колдоно баштаган, 1982-жылы Вануату Республикасынын вату аталыштагы улуттук валютасы чыккандан кийин толугу менен ватуга алмаштырылган.

1985-жылдан бери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
10,000 номиналындагы банкноттун 1986-жылы чыгарылган сериясы

Эң чоң номиналдагы 10 000 франк банкноту биринчи жолу 1986-жылы чыгарылган.

2014-жылы Жаңы Каледонияда жана Француз Полинезиясында бирдей жаңы банкноттордун дизайны киргизилген. Бул банкноттордун өлчөмдөрү кичирейтилген. Банкноттордун бир тарабында Француз Полинезиясынын, ал эми экинчи тарабында Жаңы Каледониянын ажайып жайларынын, табиятынын же тарыхый инсандарынын сүрөттөрү түшүрүлгөн.

Монеталар 2023-жылга чейин Жаңы Каледония жана Француз Полинезиясы үчүн, 1, 2, 5, 10, 20, 50, жана 100 франк номиналдарында чыгарылып турган. Бул монеталардын бир бети окшош болгон, ал эми экинчи бетине Жаңы Каледониянын же Француз Полинезиясынын жергиликтүү пейзаждарды, флораны жана фаунаны чагылдырган ар кандай дизайндар колдонулган. Экинчи бетине түшүрүлгөн сүрөттөрдүн айырмасына карабастан, бул монеталар бардык аймактардарда тең жана бирдей колдонулушу мүмкүн.

2021-жылы үч аймакта тең бирдей дизайндагы жана жаңы сериядагы өлчөмдөрү кичинекей монеталар киргизилген. 1 жана 2 франк номиналындагы монеталарды чыгаруу токтотулуп, жаңы 200 франк номиналындагы монета киргизилген. Эски монеталар 2023-жылдын январь айында жүгүртүдөн алынып салынган.

Жаңы Каледония, Уоллис жана Футуна жана Француз Полинезиясынын монеталары[2]
Сүрөт Номинал Техникалык параметрлери Сүрөттөөмөсү Жалпы аталышы
Алдыңкы бети

(аверс)

Арткы бети

(реверс)

Диаметр

(мм)

Калыңдыгы

(мм)

Салмагы

(г)

Материал Кыры

(гурт)

Алдыңкы бети

(аверс)

Арткы бети

(реверс)

F 5 21 мм 1.9 мм 4.8 г Дат баспас болоттон жасалган жылмакай Толкун сымал сызыктар жана номиналы Тиаре жана франгипани гүлдөрү, Кук карагайлары, таро жалбырактары F 5
F 10 23 мм 1.7 мм 5.6 г Жез-никель эритмелери жол-жол болгон кырлуу Толкун сымал сызыктар жана номиналы Парустук каноэ, ак карлыгачтар, устрица F 10
F 20 26 мм 1.7 мм 7.1 г Жез-никель эритмелери жол-жол болгон кырлуу Толкун сымал сызыктар жана номиналы Наполеон балыктары, периште балыктары, ташбакалар, риф балыктары F 20
F 50 24 мм 2.0 мм 6.6 г Жез-алюминий эритмелери жылмакай Толкун сымал сызыктар жана номиналы Кагу, мүйүздүү тоту куштар, нан жемиштери, папоротниктер, ниаули F 50
F 100 27 мм 2.0 мм 8.3 г Жез-алюминий эритмелери жол-жол болгон кырлуу Толкун сымал сызыктар жана номиналы Салттуу турак-жай ,полинезиялык буюмдар F 100
F 200 25 мм 2.3 мм 8.5 г Биметалл: чети жез-никель, ортосу жез-алюминий эритмелеринен жасалган жол-жол болгон кырлуу Толкун сымал сызыктар жана номиналы Тики, жыгач барабан, укулеле, уоллис тапа кездемеси F 200
Жаңы Каледония, Уоллис жана Футуна жана Француз Полинезиясынын банкноттору[3]
Сүрөт Номинал Өлчөмү

(мм)

Салмагы Түсү Сүрөттөөмөсү Чыгарылган күнү
Алдыңкы бети

(аверс)

Арткы бети

(реверс)

Алдыңкы бети

(аверс)

Арткы бети (реверс)
F 500 120 × 66 мм Жашыл Франгипани, тиаре Кава, бейиш чымчыктар
F 1,000 126 × 66 мм Сары Мүйүздүү тоту куш, кагу Скат, деңиз ташбакасы
F 5,000 132 × 73 мм Көк Наутилус, флагман коралл балыктары, волют жана мурекс молюскалары Наполеон балыгы, коралл, устрица
F 10,000 138 × 73 мм Кызыл Жан-Мари Жибау маданий борбору, канак салттуу үйү Пальма дарактары, канак салттуу үйү

Алмаштыруу курсунун режими

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Базардагы курсу
Google Finance (.../XPF): KGS USD EUR GBP JPY CHF
Yahoo! Finance (.../XPF): KGS USD EUR GBP JPY CHF
XE.com (.../XPF): KGS USD EUR GBP JPY CHF
OANDA.com (.../XPF): KGS USD EUR GBP JPY CHF


Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]